"Психикалык жактан жабыркайт". Чүйдө 26 жаштагы Жеңишбек Касымбеков аттуу жаран бир жылдан бери дайынсыз болууда
Чүй облусунда 26 жаштагы Жеңишбек Касымбеков аттуу тургун дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу Панфилов РИИБинин маалымат кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, 2020-жылы Панфилов райондук милициясына жергиликтүү тургун арыз менен кайрылган. Арызда 1995-жылы туулган Жеңишбек Касымбеков аттуу бөлөсү 14-сентябрь күнү үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келбегенин жазган.
"Анын бою 170-175 сантиметр, көзү күрөң, арык чырай, чачы кара түстө. Психикалык жактан жабыркайт", - деп айтылат маалыматта.
Акыркы маалыматтар боюнча, аны Кара-Балта шаарынан көргөндөр бар.
Милициядан сүрөттөгү жаранды көргөн, билгендер болсо төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну суранат: 0557 080 387, 0702 317 522.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.