super.kg logo

Өлкөдөгү жогорку окуу жайларда убактылуу эмдөө пункттары ачылат

 

Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине университеттерде убактылуу эмдөө пункттарын ачуу тапшырылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйындын жүрүшүндө, Кыргыз өлкөсүнүн медициналык жана башка мекемелеринин базасында COVID-19 менен ооруган бейтаптарды реабилитациялоо маселелери, ошондой эле өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалдын өнүгүшүнүн болжолдору талкууланган.

Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине, Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте университеттердин аймагында калкты коронавирус инфекциясына каршы эмдөө үчүн убактылуу эмдөө пункттарын ачуу маселесин иштеп чыгууну тапшырган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: