"Токио-2020": Паралимпиада оюндарына катыша турган спортчу Хайитхон Хусан кызына акчалай сыйлык тапшырылды
Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Айбек Жунушалиев "Токио-2020" Паралимпиада оюндарына парадзюдо боюнча бара турган спортчу Хайитхон Хусан кызы жана анын машыктыруучусу Канатбек Имияновго акчалай сыйлык тапшырды. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, калаа башчысы жетишкен ийгиликтери үчүн спортчуга 100 миң сом, ал эми машыктыруучуга 50 миң сом тапшырган.
"Ошондой эле Жунушалиев спортчуларды жана машыктыруучуларын куттуктап, аларга ийгиликтерди каалады", - деп жазылат маалыматта.
Хайитхон Хусан кызы бүгүн Токиого учуп кетет.
Эске салсак, 2021-жылдын 24-августунан тартып 5-сентябрына чейин XVI Паралимпиадалык оюндар Токиодо өтөт.
Автор: Айжанар Рыспек кызыФото: Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.