"Кезек Ошто". "Баткенде алгачкы жолу өтүп жаткан кой көргөзмөсүн жергиликтүү эл уюштурду" дейт тургун




SUPER.KG порталынын "ЭЛДИК КАБАР" бөлүмүнө Баткен облусунун тургуну кайрылып, аталган аймакта алгачкы жолу кой көргөзмөсү өтүп жатканын билдирген.
Көргөзмөнүн жүрүшү, максатына кызыгып катышуучулардын биринен сурап көрдүк. Аталган көргөзмөгө катышкан жергиликтүү тургун Дүйшөнали Атамалиев төмөнкүлөргө токтолду.
"Кой көргөзмөсү биздин аймакта биринчи жолу өтүп жатат. Эртең менен саат 9да башталган. Ага Ош, Жалал-Абад, Чүй облусунан дагы келип катышууда. Уюштуруучулардын айтымында, мындай самаалыктын кезектегиси Ошто өтөт экен.
Көргөзмө жергиликтүү фермерлердин колдоосу менен ишке ашырылды. Болжолдуу 500дөй адам катышууда. Ал жерге 100дөй кой алып келинди. Каалоочулар сатып алып жатышат.
Көргөзмөнүн максаты - малдын асыл тукумдуулугун арттыруу", - деп билдирди жергиликтүү тургун Атамалиев.
Кой көргөзмөсүнө катышуучулар ар кандай (арашан, гиссар, афган) породаларындагы койлорду алып келишкен.



1 |