super.kg logo

"Ооганстандагы окуялардын өнүгүүсү кооптуу". Марипов Чолпон-Атада Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынына катышты.

Анда Улукбек Марипов Ооганстандагы окуялардын тездик менен өнүгүүсүнө кооптонуу менен көз салып, аймактык коопсуздукка тийиштүү коркунучтар орун алып жаткан учурда өтүп жатканына токтолгонун министрлер кабинетинен кабарлашты.

"Болуп жаткан окуялар Борбор Азия өлкөлөрүнүн коопсуздугуна белгилүү таасирин тийгизиши шексиз. Ошондой эле дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө, анын катарында ЕАЭБ мамлекеттеринде табият кырсыктары мүнөзүндөгү ар кыл өзгөчө кырдаалдар орун алууда. Айрым убактылуу турукташууга жана өлкөлөрдөгү жапырт вакцинациялоого карабастан COVID-19га байланыштуу жөнөкөй эмес эпидемиологиялык кырдаал сакталууда. Буга катар биздин биргелешкен аракеттер жана өз ара колдоо көрсөтүү аркылуу жаңы чакырыктарды жеңип чыга алат деп ишенем", - деди ал.

Министрлер кабинетинин башчысы Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны алкагында кабыл алынган чечимдер Евразиялык экономикалык биримдикке интеграциялашууга мыкты түрткү берерине ишеним билдирди.
20-августта өкмөттөр аралык кеңештин жыйыны кеңейтилген форматта өтүп, анын жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлат. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашуун маселе камтылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(2)
19.08.2021. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Каякаят ко биздин премьер министр
19.08.2021. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балаң жинди болсо да бою узун болсун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: