super.kg logo

19-августка карата Ооганстандан 24 Кыргыз жараны эвакуацияланды. Бир бөлүгү Бишкекке келди

 

Бүгүн, 19-августка карата Ооганстандан жалпы 24 жараны эвакуацияланды. Маалымат Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы тарабынан белгилүү болду.

Кыргыз Республикасы менен Казакстандын Тышкы иштер министрлеринин ортосунда жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн аркасында 18-августта 15 жаранын Казакстандын Алматы шаарына чейин эвакуациялоо жөнүндө макулдашууга жетишилген. Кыргыз Республикасынын Башкы консулдугу жарандарын Бишкекке чейин коштоп келишти.

Мындан тышкары Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстандагы элчилигинин жардамы менен 9 жаран АКШ тарабынан уюштурулган атайын рейс менен Кабул шаарынан Катар мамлекетине эвакуацияланган. Учурда аларды Кыргыз Республикасына кайтаруу каттамдарын иштеп чыгуу маселеси каралууда.

"Ооганстандын аймагында калган Кыргыз Республикасынын жарандары коопсуз жерде жайгашкан, министрликтин жана элчиликтин кызматкерлери алар менен туруктуу телефон аркылуу байланышууда жана аларды эвакуациялоонун ар кандай жолдору каралууда", - дешти министрликтен.

Ооганстандагы аскердик-саясий кырдаалга байланыштуу президент Садыр Жапаров тарабынан Тышкы иштер министрлигине Кыргыз жарандарын эвакуациялоону ишке ашыруу тапшырылган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: