Көз карандысыздык күнүнө карата юбилейлик статистикалык жыйнак жарык көрөт
Өлкөнүн Эгемендүүлүк майрамына карата "Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгына 30 жыл" юбилейлик статистикалык жыйнагы басууга даярдалды. Бул тууралуу улуттук статистика комитетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, аталган жыйнакта Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүк мезгил ичинде (1991-2020) социалдык-экономикалык өнүгүүсү жөнүндө бардык статистикалык маалыматтар камтылган.
Ошондой эле кыскача тарыхый маалыматтар, жеке географиялык көрсөткүчтөрдү, жаратылыш ресурстарын жана айлана-чөйрөнү мүнөздөөчү маалыматтар жайгаштырылган. Мамлекеттик түзүлүш, калк жана анын иш менен камсыздалышы, аны менен бирге жашоо деңгээли, маданият жана искусство, туризм, спорт багытындагы статистикалык маалыматтар берилген.
Мындан тышкары өнөр жай, айыл чарба, курулуш, соода, телекоммуникация ишмердиги жана башка тармактардын абалын жана өнүгүүсүн мүнөздөгөн көрсөткүчтөр келтирилген.
Мамлекеттик каржылар, тышкы экономикалык ишмердиктин өнүгүшү, баалар жана тарифтер жөнүндө маалыматтар жайгаштырылган.

