super.kg logo

Гүлдөр өстүрүлүп, отургучтар коюлган. Бишкектеги үйлөрдүн бириндеги суктанууга арзый турган дагы бир короо (сүрөт)

 

Бишкектин Чыгыш-5 кичи районундагы көп кабаттуу үйлөрдүн алдындагы "Семетей" короосун тургундар өз демилгелери менен жашылдандырып алышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын сайтына жарыяланды.

Маалыматта жазылгандай, аталган көп кабаттуу үйлөрдүн алдында жайгашкан короону тургундар өз колдору менен жашылдандырып, эс алуу жайына айландырышкан. Анда отургучтарды коюшуп, короону жашылдандырышкан.

"Короонун аймагына гүлдөрдү өстүрүп, отургучтар коюлган. Мындай жагымдуу атмосфераны тургундар өз колдору менен жасап алышты. Көп кабаттуу батирлерден көчөгө чыккан соң таза абадан дем алып, чымчыктардын сайраганын угууга болот. Ал эми балдар ойногонго жакшы шарттарды түзүп коюшкан", - деп жазылат маалыматта.

Мындан тышкары ал жерде жашоочуларды кабыл алуу кабинети бар. Ал жерде жашоочулар жолугушуп, ар кандай маселелерди талкуулашат.

Буга чейин мэрия 7-кичи райондо жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочулары да айланасын гүлзарга айлантып, суу сактагыч орнотуп, бадалдарды тиккен сүрөттөрүн жарыялаган.







 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
20.08.2021. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Башкалврга улгу болушуптур молодцы. Кээ бир домдун алдына барсан Чернобыльга баргандай болосун.
20.08.2021. 09:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баракелдеее
20.08.2021. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына азаматтвр, дружный дом экен.
20.08.2021. 21:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамдын колунан баары келет, каалоо, ынтымак болсо. Эн сонун
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: