Мекемелер аралык жумушчу топ бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүүгө киришти
Борбордук шайлоо комиссиясынын бир мандаттуу шайлоо округдарын түзүү маселелери боюнча ведомстволор аралык жумушчу тобунун биринчи жыйналышы өттү. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Бул топ Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоо алкагында БШК мүчөлөрүнөн, депутаттардан, ошондой эле мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрүнөн түзүлгөн.
Жыйналышта Жалал-Абад, Баткен, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын жана Бишкек шаарынын шайлоо округдарынын схемаларынын жана чек араларынын долбоорлору талкууланып, сын-пикирлер, сунуштар айтылды.
Алдыдагы парламент депутаттарын шайлоо шайлоонун аралаш тутуму боюнча өтөт:
- 54 депутат пропорциялык тутум боюнча шайланат (талапкерлердин ачык тизмеси – саясий партиялар жана партиялык тизмедеги талапкерлер үчүн бирдиктүү шайлоо округу боюнча добуш берүү);
- 36 депутат мажоритардык тутум боюнча шайланат (бир мандаттуу шайлоо округу боюнча добуш берүү).
Шайлоо округдары кандай түзүлөт:
1. Бирдиктүү шайлоо округу республиканын бүт аймагында түзүлөт.
2. 36 бир мандаттуу шайлоо округдары төмөнкү талаптарды эске алуу менен түзүлөт:
- шайлоочулардын саны боюнча шайлоочулардын өкүлчүлүгүнүн орточо ченеминен, эреже катары 20 пайыздан ашпаган жол берилген орточо ченеминен четтөө менен шайлоочулардын саны боюнча шайлоо округдарынын болжолдуу бирдейлиги;
- шайлоо округу бирдиктүү аймакты түзөт, бири-бири менен чектешпеген шайлоо округдарында шайлоо округун түзүүгө жол берилбейт.
Учурда бир шайлоо округунун мандаты алдын ала эсеп боюнча 100 миң 266 шайлоочуга барабар.

