super.kg logo

Борбор калаада кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышы өтөт

 

Кыргыз өлкөсүнүн көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына арналган кыргыз-казак ХIV эл аралык айтышы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.

Билдирүүгө ылайык, эл аралык айтыш Өтө Көкө уулунун (Жеңижок) 160 жылдык, казак элинин акыны Жамбыл Жабаевдин 175 жылдык мааракелерине арналып өткөрүлөт.

"Айтыш эки баскычта өтөт. 1-баскыч (тандоо) 20-август күнү саат 10:00дө "Манас" кинотеатрында өтөт. Ал эми экинчи баскыч (финал) 30-31-август күндөрү Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өткөрүлөт.

Айтыштын максаты - кыргыз элинин байыркы тарыхы менен маданиятын жандандыруу багытында улуттук мүнөздөгү төкмөлүк жана айтыш өнөрүнө байланышкан сынактарды уюштуруу аркылуу элдин маданиятка болгон кызыгуусун өстүрүү. Кыргыз-казак достугун чыңдоо", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: