Сузакта өспүрүмдөрдүн топтошуп алып мушташуусунун алдын алуу үчүн милиция рейд өткөрдү




Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кылмыштуулуктун алдын алуу, зордук-зомбулукка жана өспүрүмдөрдүн арасында топтошуп мушташууларга жол бербөө максатында “бирдиктүү алдын алуу күнү” өткөрүлдү.
Жалал-Абад облустук милициясынын басма сөз кызматынан билдиргендей, иш-чара учурунда жалпы 2 миң 445 кожолукта жашаган 7 миң 335 жарандын паспорттук эрежелери, РИИБдин каттоосунда турган 12 ок атуучу куралдары бар 8 жаран текшерилди.
"Тиешелүү уруксат кагаздарында кемчиликтери бар жана коопсуздук эрежелерди сактабаган 16 жаранга протоколдор түзүлдү. Мындан сырткары жол эрежелерин бузган 42 айдоочууга эскертүү берилип, 23 протокол толтурулган. Мындан сырткары иш-чаранын жүрүшүндө 1 мал уурулук фактысынын бети ачылды", - деп билдиришти Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан.

