2014-жылы милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлөт
Бүгүн, 1-ноябрда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 89 жылдыгына арналган иш-чарага катышты. Анда сөз сүйлөгөн премьер 2014-жылы милиция кызматкерлеринин айлыгы көтөрүлө турганын билдирди.
“Милиция кызматкерлеринин айлыгы жогору болушу керек, бул боюнча учурда активдүү чаралар көрүлүп жатат. 2014-жылы ИИМдин өздүк курамында маяна көтөрүлөт. Эске ала жүрүш керек, сиздердин жан аябай иштөөңөр, тартиптүүлүгүңөр жана жоопкерчиликтүү болушуңар элдин милицияга болгон ишенимин актоодо маанилүү”,- деди Сатыбалдиев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
20:13
2025-07-14
13:45
2025-07-13

Рейтинг:
2

