Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны кеңейтилген форматта өтүп жатат
Бүгүн, 20-августта Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйыны кеңейтилген форматта өтүп жатат.
Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов cөз сүйлөдү. "Быйыл өзүңүздөр билгендей, биз биримдикке мүчө болгон бардык мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгын белгилеп жатабыз, аны менен баарыңарды куттуктап кетейин. Бул жагдай биздин учурдагы жолугушууга өзгөчө маани берет. Эгемендүүлүк алгандан бери биздин өлкөлөр тарыхый жактан түзүлгөн соода -экономикалык байланыштарды системалаштыруу жана институтташтыруу зарылдыгын түшүнүштү. Интеграциянын ар кандай баскычтарынан жана формаларынан өтүп, биз Евразия экономикалык шериктештигинин түзүлүшүнө келдик, ал евразиялык интеграциянын калыптанышынын персонациясына айланды", - деди ал.
Иш-чаранын соңунда бир катар документтерге кол коюлары күтүлүүдө. Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынын күн тартибине 20дан ашуун маселе камтылган.

