Улукбек Марипов: "Кийинки жылы жайында Ысык-Көлдүн жээгинде Евразия экологиялык жана климаттык форумун өткөрүүнү сунуштайбыз"
"Кийинки жылы жайында Ысык-Көлдүн жээгинде Евразия экологиялык жана климаттык форумун өткөрүүнү сунуштайбыз", - деп бүгүн, 20-августта Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйынында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов билдирди.
"Жыйындын тар чөйрөсүндө биз жолугушуунун күн тартиби боюнча конструктивдүү диалог өткөрдүк. Товарлардын экспорту үчүн тарифтик эмес чаралардын конвергенциясы, өз ара жана тышкы соода үчүн камсыздандырууну колдоо чаралары, Евразияны түзүү боюнча маселелерди талкууладык.
Бүгүнкү күндө бул өнүгүүнүн ажырагыс бөлүгү - жашыл экономика, ал бир эле учурда экономикалык жана экологиялык максаттарды алдыга жылдыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү колдонууга багытталган. Жашыл экономика маселелери дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрүнүн экономикалык ишмердүүлүгүнүн ажырагыс бөлүгү болуп калганын эске алуу менен мен Ысык-Көлдүн жээгинде экологиялык жана климаттык Евразия форумун ушул жерде өткөрүүнү сунуштайм", - деди ал.

