Акжол Махмудовдун аукционго койгон трикосуна канча сумма сунуштап жатышат?
19-августта "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарында күрөш боюнча күмүш медалды жеңген Акжол Махмудов Олимпиада оюндарына кийип чыккан трикосун аукционго койгондугун социалдык тармактагы баракчасына жазып чыккан.
Бул маалымат социалдык тармактарга тарагандан кийин кызуу талкуу жүрүп, түрдүү пикирлер айтылууда. Окурмандардын көпчүлүгү баштапкы баа 50 доллар деген маалыматты 50 миң доллар деп түшүнүп, "сен мындай жогорку баага сатууга татыктуу эмессиң" деп сындашса, бир бөлүгү "50 доллар өтө аз сумма, Лионель Месси көз жашы тамган бет аарчысын аукционго 1 миллион долларга коюп жаткан учурда, сен жок дегенде 500 долларга коюшуң керек эле" деген пикирлерин калтырышкан.
Социалдык тармактарда балбандын трикосун сатып алууну каалагандардын басымдуу бөлүгү 200, 500, айрымдары 1000 доллар сунуштап жатышат.








1 |