Ооганстан: Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек арасына убактылуу заставалар орнотулду
Ооганстандагы кырдаалдан улам Кыргыз өлкөсүнүн Тажикстан жана Өзбекстан менен болгон чек арасына убактылуу чек ара заставалары орнотулду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан кабарлашты.
"Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек тилкелеринде коопсуздукту камсыз кылуу максатында убактылуу чек ара заставалары орнотулду. УКМКнын Чек ара кызматы башка күч структуралары менен бирге пландаштырылган чалгындоо жана издөө аракеттерин жүргүзүүдө. Чек ара кызматынын өкүлдөрү күнүмдүк нөөмөттө турат", - деп билдиришти Чек ара кызматынан.
Чек ара кызматы чет өлкөлүк жарандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагына уруксат документтери болгондо гана өткөрүү пункттары аркылуу кире аларын эскертет.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
-1

Чек ара аркылуу качкындар менен кошо диний экстримисттер кошо киришет. Ошол баарынан коркунучтуу. Жаштар арасында популисттик диний идеяларды таратып оной азгырып кетеери турган иш. Бийлик диний мекелемерди катуу козомолго алыш керек. Ислам мамлекетин туптосок бактылуу болуп кетебиз,өнүгөбүз деген популисттик, жалган идеяларга ишенбегиле. Талибтер ушул сыяктуу жалган идеялары менен катарларын толуктап келишкен.