Өлкөгө Ооганстандан качкындар келип жатабы? Чек ара кызматы жооп берди
Интернетте тарап жаткан "Өлкөгө Ооганстандан качкындар келип жатат" деген маалымат калп. Бул тууралуу УКМКнын алдындагы Чек ара кызматынан билдирүү таратышты.
"Кыргыз өлкөсүнө Ооганстандан качкындар келип жатат деген маалымат чындыкка дал келбейт. Кыргыз өлкөсүнүн Ооганстан менен жалпы чек арасы жок. Ошол эле учурда чек ара башкармалыгы Ооганстанда болуп жаткан окуяларды жана Тажикстан, Өзбекстан, Түркмөнстан менен чектеш аймактардагы абалды тыкыр көзөмөлдөп турат", - деп жазылат билдирүүдө.
Ошол эле учурда Чек ара кызматы коңшу мамлекеттердин чек ара өкүлчүлүктөрүнүн кызматтары менен өз ара кызыкдар болгон маалымат алмашуу боюнча өз ара аракеттенүүнү активдештирген. Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттик органдары жана укук коргоо органдары менен биргелешкен аракеттер планы жана мамлекеттик чек арадагы кырдаал курчуп кеткен учурда өз ара аракеттенүү механизми иштелип чыкканы кошумчаланат маалыматта.

