super.kg logo

"Бишкекке иштегенге кеткен". Сузакта 29 жаштагы тургун төрт айдан бери дайынсыз болууда

 

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда 29 жаштагы Дүйшө Немат уулу аттуу тургун дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, 20-апрель күнү Сузак районунун Барпы айыл аймагынын Чаңгет-Сай айылынын 1992-жылы туулган Дүйшө Немат уулу аттуу тургуну өзү жашаган үйүнөн “Бишкек шаарына барып иштеп келем” деп чыгып кеткен бойдон дайынсыз болууда. Ал эми аны 12-май күнү Бишкек шаарынан көргөндөр болгон.

Белгилери: Бою 165-170 сантиметр, өңү ак жумал, кашы, көзү, чачы кара, орто дене түзүлүштө, сол кашынын астында авариядан калган тырыгы бар.

Кийген кийимдери: Үстүндө көк түстөгү спорттук кийим, көк түстөгү жынсы шым, бутунда кара түстөгү спорттук бут кийим болгон.

Учурда Дүйшө Немат уулунун жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт: 102, (03748) 5 02 09, 0778 15 15 91, 0558 16 16 91.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: