super.kg logo

Улукбек Марипов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту

 

Бүгүн, 20-августта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушту. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Билдирүүгө ылайык, тараптар жолугушуунун алкагында эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары боюнча пикир алмашып, анын ичинде энергетика, транспорт жана өнөр жай тармагындагы кыргыз-орус соода-экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүү маселесин талкуулашты.

Улукбек Марипов ушул жылдын январь-июнь айларында 1 миллиард 550 миллион долларды түзгөн эки тараптуу товар жүгүртүүнү андан ары жогорулатууга басым жасоо менен активдүү биргелешкен иштерди жүргүзүүгө даяр экендигин билдирди.

Мындан тышкары сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө Кыргыз өлкөсү жана Орусиянын кайчылаш жылынын жыйынтыктары жана Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун алкагында мындан аркы кызматташуусу тууралуу иштер да ортого коюлду.

Министрлер кабинетинин төрагасы кесиптешине Кыргыз өлкөсүнүн Орусиядагы кайчылаш жылынын алкагында бардык иш-чараларды ийгиликтүү өткөрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди жана Орусия өкмөтүнүн кайчылаш жылды жабуу алкагында Кыргыз өлкөсүнө расмий сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Өз кезегинде Михаил Мишустин Орусия тарап эки өлкөнүн мамилелеринин ырааттуу өнүгүүсүнө кызыкдар жана коронавирус пандемиясынан улам киргизилген чектөөлөргө карабастан, кайчылаш жыл алкагында пландаштырылган бардык иш-чараларды уюштурууга мүмкүн болгонун белгиледи.

Ошондой эле Кыргыз өлкөсүндөгү орус тилинин расмий макамынын маанисин белгилеп, бул нерсе улуттар жана конфессиялар аралык ынтымакка оң таасирин тийгизерин кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: