Чолпон-Атада +25. Эртеңкиге карата аба ырайы
Кыргызгидромет борборунун маалыматына ылайык, эртең, 21-августта түнкүсүн Ош облусунун тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Башка аймактарда күн ачык болот. Күндүз жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +14…+19, күндүз +29…+34;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +9…+14, күндүз +28…+33;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +18…+23, күндүз +32…+37;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +10…+15, күндүз +23…+28;
Нарын дубанында түнкүсүн +8…+13, күндүз +26…+31 градус ысык болот.
Бишкек шаарында күн ачык болот. Абанын температурасы: түнкүсүн +15…+17, күндүз +31…+33 ысыйт.
Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн +13…+15, күндүз +23…+25 жылуу болот.

