"Жүк ташуу процесси жеңилдетилет". Улукбек Марипов менен Казакстандын премьер-министри сүйлөштү




Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында Казакстандын премьер-министри Аскар Мамин менен жолугушту. Тараптар саясий, экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттар боюнча өз ара аракеттешүүнүн бир катар актуалдуу маселелерин талкуулады.
Министрлер кабинетинин маалымат кызматынан билдиришкендей, жарандардын жана транспорттук каражаттардын, анын ичинде транзиттик жүк ташуулардын эркин жүрүүсү үчүн чараларды кабыл алуу маанилүүлүгү белгиленди.
"Ушул жылдын январь-май айларында өз ара товар жүгүртүү 495 миллион 600 миң долларды түздү, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 28,4 пайызга көп.
Кыргыз тарап өнөктөштөр менен тышкы экономикалык ишмердүүлүктү жакшыртуу жана жеңилдетүү боюнча ачык талкуу өткөрүүгө даяр экендигине ишендирип кетким келет. Биз үчүн өзгөчө пандемия маалында жүк ташуучуларга жагымдуу шарттарды түзүү иретинде мындан ары чек араларыбыздагы туруктуу абалдын сакталышы маанилүү", - деди Марипов.
Аскар Мамин өз кезегинде казак тарап дагы соода-экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө жана эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө кызыкдар экенине ишендирди.
Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча жүк ташуу процессин жеңилдетүү бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө протоколго кол коюлду. Ошондой эле ушул жылдын сентябрь айында күздүк себүү үчүн казак тараптан 1 миң тонна үрөн бөлүү тууралуу маселеси макулдашылды.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
Pankration_MMA

20.08.2021. 18:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Казактын милиция, бийлик, таможниктеринен эч качан жакшылык күтпөш керек, булар сөз берип, эч качан аткарган эмнс. Даже Кыргыз бийлигин тоотпойт деле!
aibekkk

20.08.2021. 19:48
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мин суйлошсо да бекер
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.