super.kg logo

Германия Кыргыз өлкөсүнө 110 миң доза вакцина бермей болду

 

Германия өкмөтү COVAX механизминин алкагында Кыргыз өлкөсүнө 110 миң доза вакцина берет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашып, учурда логистикалык маселелер кошумча талкууланарын белгилешти.

Маалым болгондой, тышкы иштер министр Руслан Казакбаев Ишеним грамотасынын көчүрмөсүн тапшырууга байланыштуу Германиянын Кыргыз жергесиндеги элчиси болуп дайындалган Габриэла Геллилди кабыл алды.

Жолугушуунун башында Казакбаев Габриэла Геллилди бул кызматка дайындалышы менен куттуктап, жооптуу кызматында мындан аркы ийгиликтерди каалады.

"Тараптар 2022-жылы өлкөлөр ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгын белгилөөгө даярдык көрүүгө, анын ичинде эң жогорку жана жогорку деңгээлде өз ара сапарларды уюштурууга өзгөчө көңүл бурушту. Эки өлкөнүн ортосундагы маданий жана билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө жана кеңейтүү максатында Бишкекте француз-герман маданият институтун ачуу маселеси өзүнчө талкууланды.

Жолугушуунун аягында министр Руслан Казакбаев кыргыз тараптын эки тараптуу мамилелерди бекемдөөгө даярдыгын билдирди жана элчини Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата 30-31-августуна пландаштырылган майрамдык иш-чараларга катышууга чакырды", - деп айтылат билдирүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: