500 орундуу. Ошто Ломоносов атындагы мектептин кошумча имараты бир айдын ичинде бүткөрүлөт




Ош шаарынын мэринин милдетин аткаруучу Алмаз Мамбетов шаардагы №3 Ломоносов атындагы мектеп-гимназиясына кошумча салынып жаткан 500 орундуу имараттын курулушуна барып, аткарылган иштер менен жеринен таанышты. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган мектептин курулушу республикалык бюджеттен каржыланат.
"Алмаз Мамбетов аталган компаниянын жетекчилиги менен жолугуп толук кандуу иш жүрбөй, курулуш токтоп калгандыгына байланыштуу 15-сентябрга окуучуларды кабыл алуу үчүн курулуш иштерин бүтүрүү талабын коюп, мөөнөт берди. Ал эми айланасын жашылдандыруу, иретке келтирүү боюнча октябрга чейин бүтүрүү тапшырмасын да айтты", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.