Аксакалдар менен баарлашып... Садыр Жапаров Жусуп Абдрахмановдун кичи мекенинде эстелигине гүл койду







Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарын чыгаан мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун кичи мекени Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында орнотулган эстеликке гүл коюу менен баштады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, президент Жаркынбаев айылынын аксакалдары менен учурашып, алар менен жылуу маанайда баарлашты.
"Быйыл кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө маанилүү салым кошкон, Кыргыз АССР Эл комиссарлар советинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгынын урматына мааракелүү иш-чаралар республикалык деңгээлде өтөт.
Юбилейди майрамдоо Бишкек шаарында жана өлкө аймактарында, анын ичинде Жусуп Абдрахманов төрөлгөн Жаркынбаев айылында да пландалган", - деп жазылат маалыматта.

