super.kg logo

Байгеге 4 автоунаа коюлган. Ошто алгачкы жолу улуттук ат оюндары боюнча президенттин Кубогу өткөрүлөт

 

Ош облусунда 31-августта улуттук ат оюндары боюнча президенттин Кубогу өткөрүлөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Билдирүүдө айтылгандай, Ош облусунун башчысынын орун басары Данияр Жаныкулов эгемендүүлүктүн 30 жылдыгына карата иш-чараларды өткөрүү боюнча даярдыкты текшерди.

31-август күнү Ош облусунда өткөрүлүүчү маданий жана спорттук иш-чаралардын тизмеси:

1. Төлөйкөн айылындагы ат майданында көк бөрү жана улуттук ат оюндары боюнча Ош облусунда алкачкы жолу президенттин Кубогу өткөрүлөт. Башкы байгеге 4 автоунаа коюлган. Башталышы саат 11:30.

2. Ош облусунун район борборлорунда 30 жылдын ичинде социалдык-экономикалык өнүгүүсүн чагылдырган эмгекчилердин майрамдык жүрүшү. Айыл өкмөт мекеме-ишканалардын катышуусунда жүрөт.

3. Ош облусунун райондорунда кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөлөрү, китеп, сүрөт көргөзмөлөрү, театрлаштырылган оюн-зоок программалар жана майрамдык концерттер өткөрүлөт.

4. Ош облусунун райондорунда улуттук спорттун түрлөрү боюнча мелдештер өткөрүлөт.

5. Ноокат районунда түштүк аймагынын ардагер волейбол командаларынын достук беттеши өткөрүлөт.

6. С.Ибраимов атында ОУДТда “Кубат Бий” спектакли райондордо 10 күн көрсөтүлөт.

7. Бардык маданият мекемелеринде түрдүү улуттун катышуусунда майрамдык концерттер өткөрүлөт.

8. “Сулайман-Тоо” улуттук археологиялык музей комплексинде Кыргыз өлкөсүнүн тарыхындагы урунттуу учурлар, өнүгүүгө салым кошкон тарыхый инсандар, архивдик материалдардан турган көргөзмө болот.

9. Алымбек Датканын 220 жылдыгына, Курманжан Датканын 210 жылдыгына карата Алай районунда “Тоо Театрларынын” 1- фестифалы өткөрүлөт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: