super.kg logo

Таза суу, мектеп, бала бакча... Садыр Жапаров кичи мекенинде элдин көйгөйлөрүн укту

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Ысык-Көл облусуна болгон иш сапарынын алкагында район тургундарын 200 жумуш орду менен камсыздаган тигүү фабрикасын көрүп чыкты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы андагы иштөө шарттары, иш орундарынын тартиби, өндүрүш техникаларынын абалы менен таанышты.

Жергиликтүү тургундар жана фабриканын кызматкерлери менен баарлашуу учурунда президент буга чейин "Ысык-Көл облусун өнүктүрүү фондунун" каражаттары ар кыл деңгээлде коррупциялык учурлар болуп, максатсыз пайдаланылганын, натыйжада көптөгөн жакшы регионалдык долбоорлор ишке ашпай калганын белгиледи.

"Садыр Жапаров Түп айылында бүгүн ачылган 200 орундуу фабриканын мисалында эми фонддун бардык каражаттары аймактагы ишкерлердин демилгелерин колдоого ачык-айкын бөлүштүрүлөрүн белгиледи.

Жергиликтүү тургундар мамлекет башчысы менен баарлашууда айылдарды таза суу менен камсыз кылуу, жер тилкелерин трансформациялоо, ошондой эле социалдык-билим берүү объектилери — мектеп жана бала бакчаларды куруу маселелерин көтөрүштү.

Президент Садыр Жапаров жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, өзгөчө акимдердин ролун күчөтүү, жөлөк пул жана бюджеттик чөйрөдөгү кызматкерлердин айлык акыларын жогорулатуу пландары жөнүндө айтып берди", - деп жазылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: