Садыр Жапаров Караколдо кыргыздын чыгаан инсандарынын эстеликтерине гүл коюп, куран багыштады (сүрөт)











Президент Садыр Жапаров бүгүн, 21-августта Каракол шаарында өлкөнүн чыгаан инсандары — белгилүү окумуштуу, лингвист-түрколог Кусеин Карасаевдин, мамлекеттик ишмер жана агартуучу Касым Тыныстановдун жана көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановдун эстеликтерине гүл койду. Бул тууралуу президенттин администрациясынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчысы ошондой эле Кусеин Карасаевдин музей-мемориалдык комплексине барып, анын жакын туугандары менен окумуштууну эскерип, куран окуду.
Мамлекет башчысы музейдин ичин көрүү учурунда Кусеин Карасаевдин лингвистикалык эмгектери бүгүнкү күнгө чейин илимий жана практикалык мааниге ээ экенин, анын кыргыз тилин өнүктүрүү үчүн эбегейсиз эмгек кылганын өзгөчө белгиледи.
"Каракол шаарында жайгашкан комплексте окумуштуу Кусеин Карасаевдин иш кабинети түзүлгөн. Анда окумуштуунун эмгектери, тиричилик буюмдары, аны менен бирге иштеген, жолугушкан белгилүү инсандардын сүрөттөрү жана документтери коюлган.
Каракол шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы борбордук аянтта Кусеин Карасаев менен Касым Тыныстановдун эстеликтери орнотулуп, тарыхый даректүү көргөзмө уюштурулду", - деп айтылат маалыматта.

