super.kg logo

Бишкекте эми салыкты Калкты тейлөө борборлорунда төлөсө болот

 

Бишкек шаарынын тургундары эми салыкты Калкты тейлөө борборлорунда (КТБ) төлөй алышат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Ага ылайык, жарандардын ыңгайлуулугу жана аймактык салык башкармалыктарындагы, банктардагы жана почта түйүндөрүндөгү кезек күтүүлөрдү жеңилдетүү үчүн борбордогу Калкты тейлөө борборлорунда салык төлөө мүмкүнчүлүгү уюштурулду.

Жарандар салыктарды төмөнкү Калкты тейлөө борборлорунда төлөй алышат:

  • №1 КТБ, дареги – 12-кичи район, Нуркамал көч. 29 («ДК» соода борбору);
  • №2 КТБ, дареги – Чокон Валиханов көчөсү 2;
  • №3 КТБ, дареги – Жаш Гвардия кең көчөсү 4;
  • №4 КТБ, дареги – Жибек Жолу кең көчөсү 381.

"Урматтуу жарандар, транспорт салыгын 1-сентябрга чейин, 2-сентябрга чейин - жер салыгын жана батирлерге, үйлөргө салыкты төлөөгө жетишиңиз", - деп билдиришти муниципалитеттен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: