super.kg logo

Кош бойлуулук, эркиндикке чыктык деп аны туура эмес пайдалануу, документ даярдоодогу сабатсыздык... Москвадагы кыз-келиндер кабылган көйгөйлөр тууралуу маек

 

Бүгүнкү күндө миграция маселеси актуалдуу бойдон калууда. Дүйнөнүн ар кайсы бурчунда кыргыз уул-кыздары эмгектенип, өлкөнүн капчыгын кампайтып, экономикага салым кошуп келе жатканын эч кимибиз тана албайбыз. Мигранттардын арасында ийгиликке жеткендери да, тагдырдын оор сыноосуна кабылып кыйынчылыкка кабылгандары да жок эмес.

SUPER.KG порталы Орусиянын Москва шаарында ар кандай көйгөйлөргө туш болгон кыз-келиндерге жардам берип келе жаткан "Кам көрүү" кыз-келиндер кеңешинин төрайымы Токтокан Эсенова менен маек курду.

- Саламатсызбы? Алгач эле мигрант кыз-келиндердин кеңеши тууралуу сөз кылсак.

- "Кам көрүү" кеңеши 2016-жылы түзүлгөндөн бери ар кандай иш-чараларды өткөрүп, чет жерде жүргөн мигрант кыз-келиндерди колдоп жүрөбүз. Бул аралыкта эмне деген окуялар, жагдайларга туш болбодук.

Өзүм 2006-жылы Москвага мигрант болуп баргам. Ошондон бери ар кандай жумуштарда иштедим, мигранттын көйгөйүн жон терим менен сезип билгем.

Москвада коңшу Өзбекстан, Тажикстанга салыштырмалуу кыргыз кыз-келиндердин саны арбын. Биздин кыздар салыштырмалуу ачык-айрым болушат. Кандай гана нерсе болбосун баарын тез эле эле ачыкка чыгарышат.

Көп жылдан бери кыз-келиндер менен иштешип келе жатам. Кыргыз өлкөсүнөн Москвага кээде өзүнүн эркиндигин туура эмес жакка ыктап, жеңил жол менен акча табууну көздөгөн дагы кыздарыбыз болот. Баягы, ата-энесинин катуу тарбиясында жүрүп, дароо эркиндикке чыгып кеткен учурларда ушундайлар дагы кезигет.

- Кандай иш-чараларды өткөрүп турасыздар?

- Жакында эле Москвада "Талкаланган тагдырлар" деген иш-чара өткөрдүк. Анда тагдырдын оор сыноосуна кабылган кыз өзүнүн башынан өткөргөн окуяны сценка аткарып берип, баарыбызды ыйлатты. Мындай иш-чаралар кыз-келиндердин кыйынчылыкка туш болуп калышынын алдын алуу болуп саналат.

- Сиздердин уюмга кыз-келиндер кыйынчылыкка кабылган учурда өзүлөрү кайрылабы?

- Жок, көпчүлүк учурда таанышы (чогуу жашаганы, курбусу жана башка) кайрылгандар көп. Алар телефон чалып, "эже, тигил жерде кыргыз кыз (аты-жөнүн) айтып кыйынчылыкка учурап калыптыр" деп кайрылып калышат.

Биз кыргыз мигранттарынан сырткары өзбек, тажик кыз-келиндери менен дагы иштешебиз. Бирок алардын саны салыштырмалуу аз.

- Сиздерге кайрылгандарга кандай көмөктөр көрсөтүлөт?

- Кыйын кырдаалга туш болгон кызды же болбосо туугандарын чакырып ортого салабыз. Мындан тышкары Вотсап группалар ачылган ошол жактан ким канча сомдун тегерегинде жардам бере алса, бир аз каражат чогултуп беребиз.

Москвада кыргыздар ачкан медициналык борборлор менен меморандум түзгөнбүз. Анын негизинде биз жөнөткөн кыз-келиндерге арзандатуулар болуп турат.

Туруктуу кеңсебиз деле жок. Ар кайсы жерде көчүп иштеп жатабыз.

- Мигрант айымдар кандай кыйынчылыктарга туш болуп жатышат. Мисал катары айтып берсеңиз.

- Бир окуяны айтып берейин.

Мен жумушта отурсам телефон чалып калышты. Алсам эле бир кыргыз кыз. Өзбек улутундагы жарандын чайханасында отурган экен. Кош бойлуу, үйдүн улуусу, жаңы эле 18ге толгон кыз экен. Ай-күнүнө жетип калыптыр.

Өзүм чыга албай Гүлмира аттуу орун басарымды чайханадан алып келе кал деп жөнөттүм. Ушундай жүдөп, батирге акчасын төлөй албай, курбулары жанына жолобой кыйын күндөргө кабылган экен. Чайханада 2-3 күндөн бери бир аз тамак берип коюшса жеп жашап жүрүптүр. Түндө ар кайсы жерде уктап жүргөн экен. Чайханадан кимдир-бирөөлөр менин номеримди беришип, анан мага чалыптыр.

Жумуштан чыгып алып эле бардым. Барсам кыз ыйлап отурган экен. "Ата-энем билбесин, эгер билип калса көп кабаттуу үйдөн өзүмдү таштайм" деди. Анан кыздарга айтып, бир аз акча чогултуп, кызга кийим алып бердик. Ал кыздын Москвада таежеси бар экен. Ошону таап сүйлөштүк. Кечинде келгиле деп таежесине айтсам. Аны уккан кыз дарыяга барып, өзүн таштайм деп чыккан. Видео тартып Гүлмира деген орун басарыма жөнөтөт. Ал дароо кыз турган жерге жетип барып, баары жакшы болот деп жоошутуп, анан кызды үйгө алып барат. Орун басарым уруксат сурабай шашып кетип калганы үчүн жумушунан ажырап калган. Ал эми кыз көз жарып, баласын таежесине берди. Учурда кыз жакшы, иштеп жатат.

Ата-энелерден суранып кетер элем. 18ге чыга элек кыздарды мигрант кылып жөнөтпөсө. Азыр бирөөнүн баласын бакканы деле жөнөтүп жатышат. Алар ата-энесинин карамагында жүрүп, анан эркиндикке чыктык деп жеңил акчага, туура эмес жолдорго түшүп кетүү мүмкүндүгү чоң.

Кыргыз өлкөсүндө билим деңгээли көтөрүлсө жакшы болмок. Мунун кесепети кайда болсо дагы тие берет экен. Москвада документ толтурууда дагы көйгөйлөр дал ушул билим сапатына келип такалат.

- Орусиядагы элчилик менен тыгыз кызматташасыздарбы?

- Элчилик менен аябай тыгыз иштешебиз десек жаңылышабыз. Бир-эки жолу элчи айым менен жолугуп сүйлөшкөнбүз. Андан бери кабыл алууга кире албай жатабыз. Алардын кабыл алуусунда болуу кыйын. Элчилик менен иштешүү бир аз татаал десем болот.

- Сизге ыраазычылык билдиребиз!


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.08.2021. 14:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урматтуу Москвага келип иштеген кыз келиндер. Айрыкча жашы отуп калган эжелер. Тууп таштап кетпегилечи 5 бала тороп уже опытный болуп калдынарго сактанышты уйронгулочу суранам зынанарды мактангандай тороп таштап койбой.
23.08.2021. 23:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
AruuKasi,туура айтасын жаш кыздар эмес ошол эжелер да улгу болуп жатышат жаш балдарды алдап тийип алгандары коп кирин жууп нанын жасап берип жатышып тийип алышат экен кээбиринин Кыргызстанда куйоосу бала чакасы бар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: