super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 

Бүгүн, 1-ноябрда президент Алмазбек Атамбаев маданият кызматкерлерин кесиптик майрамы - Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктады.

Куттуктоонун тексти:

 

“Урматтуу маданият кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Маданият кызматкерлеринин күнү менен куттуктайм!

Кылым карыткан кыргыз эли бай, кайталангыс маданиятты жараткан. Ата-бабаларыбыз көчмөн турмуштун шартында көптөгөн татаал сыноолорду баштан кечирип, кыргыз элинин тарыхын, маданиятын саймалуу таштардын бетинде гана эмес, улуу “Манас” эпосу аркылуу да бизге баасыз мурас катары табышташты. 

Бүгүнкү күндө маданият коомдун өнүгүүсүнүн негизине айланганы шексиз. Ошондуктан ар бирибиз, мамлекет маданиятка болгон мамилесин өзгөртүүсү зарыл. Өз мекенибизди, тилибизди, дилибизди, тарыхыбызды, маданиятыбызды баалап, ардактоого милдеттүүбүз.

Урматтуу достор!

Жакынкы жылдары мамлекет сиздердин эмгегиңердин акыбетин толугу менен кайтарат деп, Кыргызстанда искусствону жана маданиятты сактоого жана өнүктүрүүгө бардык шарттар  түзүлөт деп ишенем. Сиздерге жана үй-бүлөңүздөргө чың ден соолук, бакубат турмуш жана чыгармачылык ийгиликтерди каалайм!”






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: