Тажик тарап Головной суу бөлүштүрүү аймагындагы жер казуу иштерин токтотту
Кыргыз-Тажик мамлекеттик чек арасындагы абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 21-августта болжол менен саат 10:00дө Головной суу бөлүштүрүүчү каналынын аймагында тажик тарап өзүнүн мамлекеттик чек арага жакын аймагына майдаланган таш төгүп, жол иштерин баштаган.
"Кийинчерээк саат 12:00 чамасында Тажикстандын жарандары атайын техниканын жардамы менен (1 экскаватор, 1 жүктөгүч, КамАЗ үлгүсүндөгү 5 жүк ташуучу автоунаа) Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында траншея каза баштаган.
Жагдайды териштирүүнүн жүрүшүндө аталган иштерди Исфара (Тажикстан) шаарынын мэриясы жүргүзүп жаткандыгы маалым болгон.
Тез аранын ичинде Кыргыз өлкөсү менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп, анын жыйынтыгында саат 17:30да тажик тарап жолдун катмарын оңдоо жана траншея казуу боюнча иштерди токтоткон", - деп билдиришти атайын кызматтан.









1 |