Жалал-Абадда республикалык кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү








Жалал-Абад шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата “Алтын өрөөн” республикалык кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин фестивалы өттү. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова, маданият, маалымат, спорт жана жаштар министринин орун басары Салтанат Аманова, президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Кыргыз өлкөсүнүн кол өнөрчүлөр коомунун төрайымы Жамбы Карыбековалар катышты.
Фестивалга республиканын ар бир облусунан, район, шаарларынан келген уз чеберлер катышып, колдорунан жасалган эмгектер көргөзмөгө коюлду.
"Салтанатка келген меймандарды Т.Тыныбеков атындагы филармониянын керней-сурнайчылары тосуп, Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдык мааракесине карата уюштурулган "Канткенде адам улуу адам болот" аттуу театралдаштырылган көрүнүш менен башталды.
Ошондой эле иш-чаранын негизги бөлүгү болгон кол өнөрчүлөрдүн жана дизайнерлердин эмгектеринин көргөзмөсү, дизайнерлердин этникалык стилдеги заманбап кийимдердин көргөзмөсү болуп, “Алтын өрөөн” фестивалына активдүү катышкандар кол өнөрчүлөр Маданият министрлигинин дипломдору менен сыйланды", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.