Тоолуу райондордо өткүн өтөт. 23-августка карата аба ырайы
Эртең, 23-августта күндүз Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.
Маалыматта айтылгандай, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз жана кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши ыктымал.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн 14…19, күндүз 29…34;
Талас жергесинде түнкүсүн 10…15, күндүз 27…32;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 17…22, күндүз 31…36;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 9…14, күндүз 21…26;
Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градус жылуу болот.
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18°, күндүзгү жогорку температурасы 31…33 градус жылуу болот.

