Эне тилге эки мүнөт: "Ак каптал, "өпкө кагуу" фразеологизмдеринин мааниси
"Эне тилге эки мүнөт" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында "ээги түшкөн", "өпкө кагуу", "ак каптал" фразеологизмдеринин маанисин карап көрдүк. Жогорудагы фразеологизмдердин маанисин кыргыз тили жана адабияты мугалими Нурислам Эргешалиев түшүндүрүп берди.
Ээги түшкөн - Абдан карыган, карылыгы жеткен. Мисалы, "Ээги түшкөн менен карыянын акылы али даана, баскан-турганы тың".
Өпкө кагуу - Өкүнүү, арман кылуу, катуу өкүттө калуу, ардануу, өксүү. Мисалы, "Ачуу ызага алдырып, өксүп жашын төккөн Батийна энесине көрүнбөй өпкө кагып өкүнөт".
Ак каптал - Дасыккан, көптү көргөн, башы бышкан. Мисалы, "Ал мындайдын далайын көргөн ак каптал".
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.