super.kg logo
  Спорт  

"Жаңы жүздөр". "Ак шумкарлардын" Бишкекте өтө турган оюндарга карата акыркы курамы жарыяланды (тизме)

 

Сентябрь айында Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо үч өлкөнүн катышуусундагы Улут Кубогуна "Ак шумкарлардын" акыркы курамы жарыяланды.

Жаңы курамга бир топ жаш футболчулардын кошулганын көрүүгө болот.

Улуттук курамага чакырылган оюнчулардын тизмеси: Дарбазачылар: Эржан Токотаев ("Алга"), Руслан Амиров ("Абдыш-Ата"), Артем Прядкин ("Шахтёр", Казакстан);

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев ("Туран", Казакстан), Бекжан Сагынбаев, Авазбек Откеев, Айзар Акматов, (бардыгы "Дордой"), Темирболот Тапаев ("Алга"), Алмаз Маликов, ("Алай"), Кайрат Изаков, Християн Браузман (экөө тең "Абдыш-Ата");

Жарым коргоочулар: Бахтияр Дүйшөбеков ("Шейх Рассел", Бангладеш), Алимардон Шүкүров ("Неман", Беларусь), Фархат Мусабеков ("Туран", Казакстан), Турсунали Рустамов, Давлятжан Баратов, Кайрат Жыргалбек уулу, Абай Боколеев (бардыгы "Дордой"), Одилжон Абдурахманов ("Бунёдкор", Өзбекстан), Гүлжигит Алыкулов ("Кайрат", Казакстан), Атай Жумашев, ("Абдыш-Ата"), Азим Азаров ("Алга").

Чабуулчулар: Рыскелди Артыкбаев ("Дордой"), Эрнист Батырканов ("Ван", Армения), Эльдар Молдожунусов ("Алай").

Улут Кубогунда Кыргыз курамасы 2-сентябрь күнү Палестина курамасына каршы оюн өткөрсө, 7-сентябрда Бангладеш менен ойнойт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: