super.kg logo

Сузакта мугалимдер курулуш иштерине мажбурланып тартылганбы? Тийиштүү мекемелердин жообу

 

Буга чейин Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Бек-Абад айылында мугалимдер ашар жолу менен жаңы мектептин имаратына пайдубал куюп жаткан видео интернет желесине тарап, кызуу талкууга алынган.

Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматына байланышканыбызда, төмөнкүлөрдү билдиришти.

"Сузак районундагы С.Атабеков атындагы орто мектептин директору Хасият Сайпилаеванын айтымында, мурдараак мектептин администрациясы мектептин лабораториясы, китепканасы жана архиви үчүн кошумча корпус куруу өтүнүчү менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына кайрылган.

Жергиликтүү бийлик мектептин администрациясынын кошумча корпус куруу тууралуу өтүнүчүн канааттандырган: 2021-жылга жергиликтүү бюджетте аталган объекттин курулушуна 1 миллион 106 миң сом, долбоордук-сметалык документтерге 257 миң сом каралган. Объектти андан ары каржылоо да жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.

Жакында мектептин аймагында курулуш иштери башталган. Бул мектептин мугалимдери өздөрүнүн демилгеси менен курулушчуларга жардам берүү максатында бир күндүк акция (ашар) уюштурушкан", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.

Ал эми президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматчысы Нурайым Турдумаматова аталган окуя боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси мектеп директоруна эскертүү бергенин айтты.

"№88 орто мектебине кошумча 3 класстык имаратынын курулушу жергиликтүү бюджет тарабынан каржыланууда. Жаңы имаратка мектептин лабораториясы, архив жана китепканасы жайгашат. Ага керектелүүчү 10 тонна цемент демөөрчүлөр тарабынан алып берилген.

Буга чейин социалдык тармактарга тараган маалыматка ылайык, кошумча имараттын курулушуна көмөктөшүү үчүн мугалимдер өздөрү демилге көтөрүп келишкен. Алардын иштөөсүнө айыл аймак башчысы жана райондук билим берүү бөлүмү тарабынан эч кандай буйрук берилген эмес. Аталган окуя боюнча райондук билим берүү бөлүмүнүн жетекчиси мектеп директоруна эскертүү берген", - деп билдирди Турдумаматова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: