super.kg logo

Садыр Жапаров: "Спорттун башка түрлөрүнө да басым жасообуз керек"

 

Бүгүн, 23-августта президент Садыр Жапаров Токио шаарындагы (Япония) XXXII жайкы Олимпиада оюндарынын байге ээлерине жана катышуучуларына мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды. Мамлекет башчысы Кыргыз жергесин татыктуу таанытып, ийгиликтүү таймаш көрсөткөндүгү үчүн спортчуларга ыраазычылык билдирди.

"Кыргыз өлкөсүнүн туусун желбиреткен жеңиштерди алып келүү үчүн туптуура үч жылдык катуу машыгууларга киришип жатасыздар. Мындай ийгиликтерге жетебиз десек бир гана күрөштүн түрлөрүнө эмес жеңил жана оор атлетика, бокс, сууда сүзүү сыяктуу спорттун башка түрлөрүнө да басым жасообуз керек. Аталган спорттун түрлөрү боюнча өлкөбүздө спорттук мектептерибиз бар. Чоң-чоң эл аралык мелдештердеги алтын, күмүш, коло медалдарды камсыз кылган спортчуларыбыздын чыгып жатканы ага далил. Сиздер "эң негизгиси катышуу" дегендей, Олимпиада оюндарынын жөн гана катышуучулары эмес, мекенибиздин желегин желбиретип, гимнибизди жаңырышына умтулуу менен пъедесталга да жете аларыңарды далилдеп, көрсөттүңүздөр. Биздин жалпы максатыбыз - 2024-жылдагы Париж Олимпиада оюндарында биринчи орундарды камсыз кылуу болуп саналат. Спортчуларыбыз бир алтын гана эмес, бир нече байгелүү орундарды жеңе аларына бекем ишенем. Себеби кыргыз спортчулары руху күчтүү, максаты бийик жана намыска бек уул-кыздардан. Ал эми мамлекет тарабынан спортчуларыбызга эл аралык спорт майданында ийгиликтерди жаратуусу үчүн зарыл болгон шарттарды түзүүгө бардык күч-аракеттер жумшалат деп ишендире алам", - деди мамлекет башчысы.

Президент Садыр Жапаров спорт тармагын өнүктүрүү, массалык жана кесипкөй спортту өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын маанилүү багыттарынын бири болорун белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
23.08.2021. 10:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Спорттун любой турун колдош керек.Главно условия тузуп берсе,спортчулар оздору эле ийгиликке жете бермек.
23.08.2021. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Туура сөз.Өзбекстан тхеквандо спорту менен алтын медаль алышты.Бизде кикбоксчуларды тхеквандо менен машыктыруу керек.Менимче кикбокс олимпиада оюндарына кирбейт,ал эми кикбокс боюнча дуйно чемпиондорубуз бар.Кикбоксчуларыбыз тхеквандого бат уйронуп кетмек.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: