Эл аралык валюта фонду экономиканы калыбына келтирүү үчүн 650 миллиард доллар бөлөт
Эл аралык валюта фонду коронавирус пандемиясына байланыштуу дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүү үчүн 650 миллиард доллар бөлөт. Бул тууралуу уюмдун сайтында маалымдалат.
Маалыматка ылайык, бөлүнгөн каражат мүчө-өлкөлөргө фонддо болгон квоталарына жараша которулат.
"Бул фонддун тарыхында эң ири суммадагы каражаттарды бөлүштүрүү. Бөлүнгөн акча экономикасы кризиске учураган мамлекеттерге пайда алып келет жана дүйнөлүк экономика үчүн стимул болуп эсептелет. Ошондой эле ишенимди бекемдеп, глобалдык экономиканын туруктуулугуна салым кошот", - деген фонддун директору Кристалина Георгиева.
Белгилей кетсек, бул сумманын 275 миллиард доллары өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө жумшалат. Анын ичинде Кыргыз жергеси да бар, бирок канча каражат алары белгисиз.




1 |