super.kg logo
  Спорт  

Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы "Манас" ордени, 7 миллион сом жана президенттин атынан унаа тапшырылды

 

Бүгүн, 23-августта Бишкектеги "Ала-Арча" резиденциясында "Токио-2020" жайкы Олимпиада оюндарына катышкан спортчуларды сыйлоо аземи өтүүдө.

"Токио-2020" XXXII жайкы Олимпиада оюндарында спорттун эркин күрөш түрү боюнча коло медалдын ээси Мээрим Жуманазаровага 3-даражадагы "Манас" ордени, 7 миллион сом жана президенттин атынан Toyota RAV4 унаасы тапшырылды.

"Кыргыз өлкөсүн дүйнөлүк аренада спорт жаатында алдыга жылышына кичине да болсо өз салымымды кошуп жатканыма абдан кубанычтамын. Урматтуу, Садыр Нургожоевич, спортту колдоп жатканыңызга терең ыраазычылык билдирем. Кыргыз элиме, күйөрмандарыма рахмат айткым келет. Кыргыз элимдин ынтымагы, намыскөйлүгү, улуулугу талыкпай эмгектенүүгө бизди шыктандырат. Жалпыңыздарды келе жаткан Кыргыз өлкөсүнүн мамлекеттүүлүгүнүн 30 жылдыгы менен куттуктайм", - деп билдирди Жуманазарова.

Мээрим Жуманазарова монголиялык атаандашы Батцэцэг Соронзонболдынды 10:1 эсеби менен жеңип, коло медалды камсыздаган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 9 
Комментарийлер(1)
24.08.2021. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куттуктайбыз, Мээрим жылдыздуу, эрктуу , аракетчил кыз!!! Бактылуу бол, сыйлыгынар кут болсун, чемпиондор!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: