super.kg logo

Тажик тарап Кыргыз жарандарынын унаасына таш ыргыткан боюнча окуяны иликтөөгө көмөктөшөт

 

22-августта Баткен районунун Төрт-Көчө аймагында Кыргыз-Тажик чек ара өкүлү жолугушту. Бул тууралуу УКМКнын чек ара кызматынан билдиришти.

Жолугушууда тараптар Эки-Таш аймагында Кыргыз жарандарына таандык унааларга таш ыргытуу фактысын, ошондой эле Головная суу алгычынын каршысында тажик тарап жүргүзгөн иштердин маселесин карашты. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жарандардын коопсуздугун камсыздоо үчүн кызмат өтөө учурунда Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачылары тарабынан кошумча чаралардын комплексин аткаруу чечимдери кабыл алынды. Мындан тышкары, Тараптардын укук коргоо органдарына Кыргыз жарандарынын унааларына таш ыргытуу боюнча иликтөө жүргүзүүдө жардам көрсөтүлөт. Чек ара өкүлдөрү окуялардын алдын алуу үчүн чек ара аймагынын тургундары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүшөт.

Кошумчалай кетсек, Тажик тарап Головной суу алгычынын каршысындагы траншеяны уюштуруу боюнча ишти токтоткон. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги абал салыштырмалуу туруктуу деп мүнөздөлүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
23.08.2021. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
суйлошуулор журду,чечимдер кабыл алынды эле дешет,анан эле кичине убакыт отуп,башталат таш атмай,жер казмай.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: