Баткенде 140 үй-бүлө август айынын аягына чейин турак-жай менен камсыз болот



Баткен облусунун Баткен жана Лейлек районунда 140 үйдүн баары эгемендүүлүк күнүнө карата ээлерине тапшырылып бүтөт. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
"Учурда Лейлек районунун Максат айылында 60 үй-бүлө өз үйлөрүндө жашап жатат. Үйлөрдө заманбап бардык керектүү шарттары каралган. Максат айылы боюнча жалпы 84 үй курулат.
Мындан сырткары айылдагы социалдык маселелерден мектеп, жолдорго асфальт төшөө иштери жана ФАПтын оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлгөн. Кошумча бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.
140 үйдүн курулуш иштери толугу менен жакынкы аралыкта аяктап, 31-август - Кыргыз өлкөсүнүн эгемендүүлүк күнүнүн 30 жылдыгына карата тапшырылуусу күтүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.


Же чек араны толугу менен чечип, тосуп алгандан кийин берилеби?
Тажиктер жоопко тартылбайт экенин билип кайрадан таш ыргытып же аз аздан ар жерди бир казып жатат го дагы эле.?