Чүйдө 37 жаштагы Расул Сатыбалдиев аттуу тургун дайынсыз болуп изделүүдө
Чүй облусунун Панфилов районунда 37 жаштагы Расул Сатыбалдиев аттуу тургун дайынсыз болуп изделүүдө. Бул тууралуу SUPER.KG порталына аталган жарандын апасы билдирди.
Анын айтымында, уулу 2020-жылдын февраль айында үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайрылып келген эмес.
"Үй-бүлөсү, балдары күтүп жатышат. Баламдын бою 175-180 сантиметр, арык чырай, чачы кара түстө, көздөрү кара. Кайдыгер карабаган жарандардан колдоо күтөбүз", - деп билдирди апасы Айнагүл Сүйүналиева.
Жакындары кимде-ким сүрөттөгү Расул Сатыбалдиевди көргөн же билген болсо, төмөнкү номерлерге кабарлап коюуну өтүнүшөт: 0557 080 387, 0702 317 522.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.