Бишкекте “Гүлдөр калейдоскобу” көргөзмөсү ачылды (фоторепортаж)
Цикламен(персия гүлү)- токой гүлдөрүнө кирет. Бак-дарактардын көлөкөсүндө өскөндү жактырат


Цикламен(персия гүлү)- токой гүлдөрүнө кирет. Бак-дарактардын көлөкөсүндө өскөндү жактырат

Эхинофоссулокактус- чанда кезигүүчү “кабыргалуу” кактус. Жылына бир ирет жазында гүлдөйт

Адениум- күн нурун көп талап кылуучу гүл. Өзгөчөлүгү -бир ай суусу жок жашай алат. Кургакты сүйүүчү өсүмдүк

Стрептокарпус- узакка гүлдөгөндүгү (апрелден ноябрга чейин гүлдөйт) менен айрымаланат. 30тан ашык түрү бар.

Фиалка гүлүнүн бир түрү

Фиалка гүлүнүн бир түрү

Фиалка гүлүнүн бир түрү

Көргөзмөгө фиалканын бир нече түрлөрү коюлду

Көргөзмөгө келген көрүүчүлөр

Гүлдөп турган кактус-грузони

Гүлдөп турган кактус
Бүгүн, 1-ноябрда Бишкек шаарындагы Тарых музейинде “Гүлдөр калейдоскобу” аталышындагы гүлдөр көргөзмөсү ачылды. Аталган көргөзмөгө Германия, Украина, Орусия, Франция жана Америкадан алынып келинген каланхое, каландива-париж, цикламен, стрептокарпус сыяктуу 1000ден ашык гүлдүн түрү коюлган. Аталган иш-чараны Бишкектин тургуну Анна Печереева уюштурган. Көргөзмөнүн максаты - шаар тургундарына жакшы маанай тартуулоо жана гүл өстүрүүчүлөр менен тажрыйба алмашуу. Көргөзмө 3-ноябрга чейин уланат жана ага 11ден ашуун коллекциячы катышууда.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
1

Комментарийлер(1)
Beka_89_kg

01.11.2013. 16:12
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулдорду жакшы кором
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.