"Издөөдө жүргөн 4 жаран кармалды". Ысык-Көлдө "бандит-каракчы" аталышындагы операция өткөрүлүүдө
Ысык-Көл облусунун аймагында бир апта ичинде 39 кылмыштын жана жоруктардын бети ачылды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, кылмыштардын жана жоруктардын бетин ачууда ишти активдештирүү максатында өткөн аптада "бандит-каракчы" жана "Чөнтөк ууру" аталышындагы атайын операциялар өткөрүлдү.
"Аталган иш-чаралардын жүрүшүндө милиция кызматкерлери 13-20-август күндөрү аралыгында бардыгы болуп 39 кылмыштын жана жоруктун бетин ачууга жетишти. Анын ичинен 28 факты мурда катталган кылмыш жана жоруктар болсо, 11 бир апта ичинде катталган болуп эсептелинет.
Көрсөтүлгөн мезгилде 5 тоноонун, 1 автоунааны мыйзамсыз айдап качуунун жана зордуктоонун, 33 уурдоонун бети ачылды. Андан тышкары издөөдө жүргөн 4 жаран кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ошондой эле дайынсыз жоголгон 1 адам табылды", - деп билдиришти Ысык-Көл ОИИБинин маалымат кызматынан.

