Бишкекте Пакистан жарандары көбөйдү. Тышкы иштер министрлиги анын себебин түшүндүрүп беришти
Пакистандын жарандары өлкөгө жогорку окуу жайларында билим алуу максатында келишет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, июль айынын ортолорунан баштап Кыргыз Республикасынын визаларын алуу үчүн Пакистандын жарандары тарабынан көптөгөн кайрылуулар түшүп жаткандыгы байкалган. Кайрылуулардын орчундуу бөлүгү электрондук виза порталына түшүп жатат.
"Мындан тышкары Пакистан жарандарынын келүү максаты туризм экендигин билдиришип, 30 күнгө чейинки бир жолку туристтик визасын алып жатышат.
Ошону менен бирге Кыргыз Республикасынын аймагына чектөөлөр киргизилген адамдардын кирип кетпөөсүн көзөмөлдөө максатында электрондук виза порталы аркылуу түшүп жаткан бардык кайрылуулар Кыргыз өлкөсү улуттук коопсуздук органдары менен сөзсүз түрдөгү макулдашуунун негизинде каралат.
Белгилей кетсек, 2021-жылдын июль-август айларында “Электрондук виза” системасы аркылуу Пакистан жарандарына 7 миң 500гө жакын туристтик виза берилген.
Ички иштер министрлигинин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын маалыматына ылайык, 2021-жылдын июль-август айларында Кыргыз өлкөсүнүн аймагында Пакистан жарандары тарабынан эч кандай укук бузуулар катталбагандыгын билдирет.
Пакистан жарандарына карата визалык режимди жөнөкөйлөтүү тууралуу айта кетсек, бул режим бир гана Бириккен Араб Эмираты, Кувейт, Катар, Бруней-Даруссалам, Оман Султанаты, Бахрейн жана Сауд Арабиясынын жарактуу мөөнөттөгү жашап туруу уруксаты (резидент-карта) бар Пакистан Ислам Республикасынын жарандарына таратылган.
Жогоруда көрсөтүлгөн жөнөкөйлөтүлгөн режимдин алкагында, бүгүнкү күндө Пакистан жарандарына 220 Кыргыз Республикасынын визасы берилген.
Ошону менен бирге үчүнчү өлкөгө чыгып кетүү максатында Кыргыз өлкөсүнө келип жаткан Пакистандын жарандары тууралуу социалдык тармактарда тарап жаткан маалымат боюнча түшүндүрмө алуу үчүн 2021-жылдын 23-августунда Пакистан Ислам Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчисинин орун басары-консул Тарик Али (Tariq Ali) мырза министрликке чакырылган.
Жолугушууда пакистандык дипломат келип жаткан пакистандык жарандардын көпчүлүк бөлүгү иштөө үчүн Бириккен Араб Эмираттарына жана Сауд Арабиясына учуп кете турган жарандар экенин тастыктады. Бул жагдай Пакистан менен аталган өлкөлөр арасында түздөн-түз аба каттамы жок болгондугу менен байланышкан. Кыргыз өлкөсүнөн тышкары ушундай эле маршрут каттамы Өзбекстан Республикасы аркылуу жүргүзүлгөн.
Мындан тышкары ал чет мамлекеттерге чыгып жаткан Пакистандын бардык жарандары Sinopharm, AstraZeneca, Pfizer жана Спутник-V препараттары аркылуу эмдөө алып жатышканы айтылды. Ошону менен катар Pfizer препараты менен эмдөө алгандар Кыргыз өлкөсүндө 3-4 күндөй болуп, жакынкы каттамдар менен БАЭ жана Сауд Арабиясына кетип жатканы, ал эми башка препараттар менен эмдөө алган жарандар Кыргыз өлкөсүнүн аймагында 10-14 күндөй калып жаткандыгы жөнүндө маалымдалган.
Андан тышкары Пакистанда коронавирус илдети менен ооругандардын саны азайгандыгын эске алып, эмираттардын узак мөөнөттөгү визаларын алган Пакистандын жарандарынын аталган бөлүгүнө БАЭ чек арасын ачкандыгы тууралуу Пакистандын элчисинин орун басары билдирди. Жакынкы арада Сауд Арабиянын чек арасы ачылары пландаштырылып жаткандыгынан улам Кыргыз өлкөсүнө келе турган пакистандык жарандардын агымы кескин азайышы мүмкүн", - деп жазылат маалыматта.

