super.kg logo

Президент Садыр Жапаров ЖККУнун Жамааттык коопсуздук кеңешинин кезексиз отурумуна катышты

 

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 23-августта орус тараптын демилгеси менен Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун (ЖККУ) Жамааттык коопсуздук кеңешинин видеоконференция форматында өткөн кезексиз отурумуна катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын маалымат кызматынан билдиришти.

Кезексиз отурумга Өзбекстан Республикасынын президенти Шавкат Мирзийоев конок катары катышты.

Тараптар Ооганстандагы кырдаал жана анын ЖККУ мүчө-мамлекеттеринин коопсуздугуна тийгизген таасири тууралуу пикир алмашышты.

Президент Садыр Жапаров кырдаалдын терс жакка өөрчүп кетпеши, коопсуздук чакырыктарына жана коркунучтарга өз убагында адекваттуу жооп берүү үчүн биргелешип аракет кылуу, өз ара кызматташууну тереңдетүү, жамааттык чараларды бириктирүү зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: