super.kg logo

Жалал-Абадда айына 40 миңден ашуун жаранга кызмат көрсөтө алган калкты тейлөө борбору иштей баштады

 
Жалал-Абадда жаңы форматтагы калкты тейлөө борбору иштей баштады. Санариптик өнүктүрүү министрлигинен кабарлашкандай, тейлөө борбору айына 40 миңден ашуун кайрылуучуларды тейлей алат.
"Калкты тейлөө борбору "оpen space" форматында иш алып барат. Жетекчинин жана кызматкерлердин документтерди кабыл алуу үчүн жумуш орундары жалпы залда жайгашкан.
Калкты тейлөө борборунун коноктору үчүн тиешелүү шарттар түзүлгөн. Имараттын ичи кеп-кеңеш берүү, күтүү залы жана документтерди кабыл алуу зоналарына бөлүнгөн. Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн дагы шарттар каралган. Электрондук кезек күтүү орнотулуп, ишти видеокамералар көзөмөлдөйт", - деп айтылат билдирүүдө.
Маалымат үчүн: Жалал-Абад шаарында 2011-жылдан бери калкты тейлөө борбору иштейт. Борбордун жалпы аянты 478 чарчы метрди түзгөн, аталган тейлөө борбору 2020-жылы Жалал-Абад шаарынын жарым миллиондон ашык тургундарына мамлекеттик кызмат көрсөтүлгөн.
Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ири 27 калкты тейлөө борбору жана эки кичи калкты тейлөө борборлору иштейт.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: