Кыргыз өлкөсүнөн катализаторлорду, анда камтылган баалуу металлдарды ташып чыгууга убактылуу тыюу салынды
Кыргыз Республикасында мурда пайдаланылган катализаторлорду, катализаторлордо камтылган баалуу металлдардын шлактарын, күлдөрүн жана калдыктарын ташып чыгууга алты айлык мөөнөткө тыюу салынды. Тийиштүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагынан катализаторлорду (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 3815), металлдарды камтыган шлактарды, күлдөрдү жана калдыктарды (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 2620), баалуу металлдардын же баалуу металлдар менен капталгандардын калдыктарын жана сыныктарын (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 7112), катализаторлор бар болгон учурда үн басаңдаткычтарды жана газ чыгаруучу түтүктөрдү, алардын бөлүктөрүн (ЕАЭБ ТЭИ ТН коду 870892) ташып чыгууга (экспорттого) убактылуу тыюу салынды.
"Убактылуу тыюу салуу чечими транспорттук газдардын абага булгануусун азайтуу менен адамдардын өмүрүн жана ден соолугун, айлана-чөйрөнү, жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү коргоого багытталган. Андан сырткары Бажы жана чек ара кызматтарына көрсөтүлгөн товарларды мыйзамсыз ташып чыгууга бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрүү тапшырылды", - деп айтылат билдирүүдө.



1 |