9 адамдын өмүрүн алган жол кырсыгы: Алардын алтоо Токтогулдун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургундары
Буга чейин Чүй облусунун Суусамыр өрөөнүндө катталган үрөй учурган жол кырсыктан Honda Stepwgn унаасында бара жаткан 8 жүргүнчү жана айдоочу окуя болгон жерден мүрт кеткени кабарлаган.
Тилекке каршы, жол кырсыгы 9 адамдын өмүрүн алган. Алардын ичинен алтоо Токтогул районунун Кызыл-Өзгөрүш айылынын тургундары. Бул тууралуу аталган айылдын айыл өкмөт башчысы Гүлбайра Смановага байланышканыбызда белгилүү болду.
"Өкүнүчтүү, кечээ катталган жол кырсыкта биздин айылдын 6 тургуну көз жумду. Алардын арасында бир жаш бала бар. Учурда алардын үйлөрүн кыдырганы чыгып жатабыз", - деп билдирди Гүлбайра Сманова.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
9:56
2025-07-29

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.