super.kg logo

"Апасы көп жылдан бери Орусияда". Алайда жакындарына таарынып үйдөн чыгып кеткен кыз табылды

 

Ош облусунун Алай районунда 16 жаштагы дайынсыз жоголгон кыз табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты.

Ага ылайык, кечээ, 23-август күнү Алай РИИБинин кызматкерлери тарабынан дайынсыз жоголгон Аиза Кубаткулова Ош шаарынын Араван кичи районундагы үйлөрдүн биринен табылган.

"Ал жакындарына таарынып, үйүнөн чыгып кеткендиги аныкталган. Аиза таята-таенесинин колунда чоңоюп өскөн. Өзүнүн апасы Орусиянын аймагында көп жылдан бери эмгектенет. Учурда кыз убактылуу Алай районундагы социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлерине тапшырылды, алар өзүнүн апасына өткөрүп беришет. Өзүнүн апасы 28-август күнү Орусиянын аймагынан Кыргыз өлкөсүнө келерин билдирди", - дешти Ош ОИИБинин маалымат кызматынан.

Эске салсак, буга чейин 22-июль күнү милицияга Алай районунун Жошолу айыл өкмөтүнүн Миязды айылынын 56 жаштагы Орункан Сарыбаева аттуу тургун арыз менен кайрылган. Арызда ошол эле күнү болжол менен саат 10:30 чамасында 2005-жылы туулган К.А. аттуу небереси Миязды айылындагы жашаган үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз жок болуп жаткандыгын билдирген.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(1)
24.08.2021. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айланайын россияда иштеп жүргөндөр, балдарынарды өзүңөр менен эле кошо алып жүргүлочү, сураныч. Тарбиясы да өзүңөрдүкү болот го.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: